Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

C5+O.N.E. программасынын катышуучулары үчүн экскурсия

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 21 Aug, 2026
blog-thumbnail

2026-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык музейинде АКШ Элчилигинин C5+O.N.E. программасынын катышуучулары үчүн экскурсия өткөрүлдү.

Экскурсиянын жүрүшүндө катышуучулар уникалдуу байыркы монеталар, улуттук валюта - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын башка көптөгөн экспонаттары менен таанышышты. Мындан тышкары, кыргыз сомунун банкнотторунда чагылдырылган көрүнүктүү ишмерлер тууралуу айтылып, финансылык сабаттуулук жана финансылык коопсуздук маселелери, анын ичинде дропперлик жана анын терс кесепеттери сыяктуу актуалдуу тема да чагылдырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы экскурсияларды туруктуу негизде өткөрөт. Арыздар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабыл алынат: 61-24-14 же электрондук почта аркылуу: mail@nbkr.kg. Кирүү акысыз.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир