Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

«Aflatoun International тармагынын өнөктөштөрүнүн туруктуулугу»

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 01 Apr, 2021
blog-thumbnail

Улуттук банк «Aflatoun International тармагынын өнөктөштөрүнүн туруктуулугу» деп аталган иш-чарага катышты. Аталган иш-чарада COVID-19 пандемиясы мезгилинде балдарга жана жаштарга сапаттуу финансылык билимдин жеткиликтүү болушун камсыз кылууга багытталган Aflatoun тармагынын өнөктөштөрүнүн чыгармачыл чечимдери тууралуу  маалымат берилди.

Бардык пландаштырылган иш-чаралар камтылган видеоролик менен Aflatoun каналынан  (шилтеме) таанышып чыгууну сунуштайбыз.           

Маалымат үчүн:

Aflatoun International – бул социалдык франшиза моделин колдонуу менен жогорку сапатта билим тартуулаган, өнөктөш уюмдарды, окутуучуларды, тарапташтарды өнүктүрүүчү эл аралык тармак.

Aflatoun жөнүндө кеңири маалыматты шилтеме  боюнча видеороликтен көрсөңүздөр болот.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир