Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

7-11 жаштагы балдар арасында «Сом – Кыргызстандын жүзү» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи.

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 01 Jun, 2023
blog-thumbnail

2023-жылдын 1-июнунда - Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында улуттук валютанын киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасында балдар арасында сүрөт тартуу/колго жасалган буюмдар чыгармачылыгы боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Сынактын максаты - балдар жана жаштар арасында улуттук валютага аяр мамиле жасоону калыптандыруу, балдарды жана жаштарды финансылык сабаттуулук маселелерине кызыктыруу, жаштардын чыгармачылык жигердүүлүгүнө дем берүү, Улуттук банктын иши жөнүндө коомчулуктун кабардар болушун арттыруу жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүү.

Сынакка 200дөн ашык эмгек сунушталды, ар бир эмгек өзүнүн аткаруу техникасы жана чыгармачылыгы менен өзгөчөлөнүп уникалдуу болду.

Республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө эстелик дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир