31-октябрда дүйнө жүзү боюнча Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленип, быйыл бул иш-чаранын 100 жылдыгы өтөт.
-
adminfinsabat
-
0 пикир
-
22 Oct, 2024
Каражат топтоолорду түзүү адам өз акчасын канчалык туура башкарганы көрсөтөт. Каражат топтоолор адатта, финансылык чыгымдар менен байланышкан убактылуу кыйынчылыктарды жеңүү үчүн финансылык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өзгөчө маанилүү. Мындан тышкары, каражат топтоо финансылык максаттарга жетүүдө, жеке бизнес ачууда же акчаңызды пассивдүү киреше алуу үчүн инвестициялоодо маанилүү ролду ойнойт.
Биздин өлкөбүздө бул маалыматтык-билим берүү кампаниясын өткөрүү 2015-жылдан бери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча салттуу иш-чаралардын бири болуп калды.
2024-жылдын 28-октябрынан 1-ноябрына чейин Кыргызстанда Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата «Кыялдар канат байлаганда!» өлкөнүн бардык аймактарында финансылык сабаттуулук боюнча негизги иш-чаралар өтөт. Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 110дон ашык ар кандай иш-чараларды – тренингдерди, сабактарды, лекцияларды, интерактивдүү оюндарды, экскурсияларды, ачык эшик күндөрүн, конкурстарды, викториналарды өткөрүү пландаштырылууда.
Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин өкүлдөрү калкка каражат топтоолордун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришет, колдо болгон каражат топтоолорду сактоонун жана көбөйтүүнүн ар кандай жолдору менен тааныштырышат. Улуттук банк башкы кеңседе нумизматикалык музейде экскурсияларды өткөрөт.
Иш-чаралардын планы Финсабат сайтында шилтемеде жайгаштырылган.
adminfinsabat
0 пикир