Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция
-
adminfinsabat
-
0 пикир
-
31 Mar, 2026
2026-жылдын 27-мартында Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, кредиттердин жана депозиттердин түрлөрү, каражат топтоо жана жаштардын финансылык алдамчылыкка тартылуусун алдын алуу жөнүндө маалыматтар берилди, ошондой эле «Түндүк» тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу, аны алып салуу жана дропперлик боюнча кеңири маалымат берилди.



adminfinsabat
0 пикир