Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

«Элдик Банк» ААКтын Баткен филиалы тарабынан уюштурулган «Финансылык сабаттуулук» темасында лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 30 Jan, 2026
blog-thumbnail

Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-октябрындагы №302  «Элдик Банк» акционердик коомун аманат ишинин маданиятын улантуучу деп таануу жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында Баткен шаарынын студенттери үчүн «Финансылык сабаттуулук» темасында лекция өткөрдү, ал «Элдик Банк» ААКтын Баткен филиалы тарабынан уюштурулду.

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты.

Мындан тышкары, финансылык алдамчылар жана алардан кантип коргонуу керектиги боюнча маалыматтар берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир