Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Ысык-Көлдөгү лицейдин окуучулары үчүн «Каражат топтоолор» бизнес оюну

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 28 Oct, 2022
blog-thumbnail

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн өткөрүүнүн алкагында 2022-жылдын 27-октябрында Каракол шаарынын Х.Карасаев атындагы Ысык-Көлдөгү лицейдин окуучулары үчүн «Каражат топтоолор» бизнес оюну финансылык сабаттуулук боюнча мультипликатор-мугалимдер тарабынан өткөрүлдү. 

«Каражат топтоолор» стол үстүндөгү бизнес оюну интерактивдүү форматта өтөт, анда окуучулар үй-бүлөлүк бюджет, финансылык пландаштыруу, каражат топтоонун максаттарын жана артыкчылыктарын билип алуу сыяктуу түшүнүктөр менен таанышышат, бул жашоо сапатын жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алуу үчүн өзгөчө маанилүү.

Алдыда боло турган бардык иш-чаралар Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2022 күндөлүгүнө шилтеме боюнча жайгаштырылган.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир