Финансылык сабаттуулук боюнча тажрыйбалык такшалуу
-
adminfinsabat
-
0 пикир
-
08 Jul, 2022
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн борбордук банктарынын персоналын окутуу программасынын алкагында, 2022-жылдын 28-июнунан тартып 30-июнь аралыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулган “Финансылык сабаттуулук” боюнча тажрыйбалык такшалуудан өтүү иш-чарасы болуп өттү.
Тажрыйбалык такшалууга Беларусь Республикасынын, Монгол банкынын жана Монголиянын банктар ассоциациясынын өкүлдөрү катышты. Тажрыйбалык такшалуунун катышуучулары калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир жана тажрыйба алмашышты.
adminfinsabat
0 пикир