Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар старт алды!

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 22 May, 2023
blog-thumbnail

2023-жылдын 22-майында Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй областтарынын тургундары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар өткөрүлө башталды. Семинардын максаты – калкка өз каражаттарын туура пайдаланууга окутуу, финансылык продукттардан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн, анын ичинде электрондук кызматтардан пайдалануу жөнүндө маалымат берүү, ошондой эле инвестициялоо, салыктар, камсыздандыруу жана финансылык коопсуздук маселелери боюнча финансылык билимин арттыруу саналат.

Семинарлар Улуттук банк тарабынан ОБСЕнин Бишкектеги программалык офисинин колдоосу астында өткөрүлүп жатат.

Семинарларды өткөрүү графиги жөнүндө толук маалымат менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышып чыгууга болот.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир