Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар бардык региондордо өткөрүлөт

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 21 Jul, 2022
blog-thumbnail

Улуттук банкта 2022-жылдын 21-июлунда Улуттук банктын өкүлдөрүнүн финансылык сабаттуулук боюнча мастер-тренерлер жана тренерлер менен жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө Улуттук банк Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен биргеликте ишке ашырып жаткан «Регионду өнүктүрүү» долбоорунун алкагында калк арасында финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүү маселеси талкууланды.

Семинарлар 2022-жылдын 25-июлунан тартып 14-сентябрга чейин бардык региондордо акысыз негизде өткөрүлөт, ага бардык каалоочулар катыша алышат.

Семинарлардын графиги тиркелет.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир