Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Финансылык сабаттуулук боюнча семинарлардын жыйынтыктары!

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 16 Jun, 2023
blog-thumbnail

2023-жылдын 22-майынан 7-июнуна чейин Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен республика боюнча финансылык сабаттуулук боюнча 50 семинар өткөрүлдү, алардын ичинен 29 бир күндүк семинар 700 студент жана мектеп окуучулары үчүн өткөрүлдү, катышуучулардын жалпы саны 1208 тургунду, анын ичинде 889 аял жана 319 эркек түздү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө семинарлардын катышуучулары үй-бүлөлүк жана жеке бюджет, финансылык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр, ислам каржылоо принциптери, инвестициялоо, электрондук финансылык кызмат көрсөтүүлөр, финансылык коопсуздук, салыктар жана камсыздандыруу сыяктуу темалар менен интерактивдүү формада тааныша алышты. 

Семинарлар Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык кеңсесинин «Кыргыз Республикасында региондук өнүгүүгө көмөктөшүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында эксперттер тобу тарабынан мурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги менен иштелип чыккан, финансылык сабаттуулук боюнча базалык компетенциялардын стандарттарына негизделген, чоңдор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча экспресс-курс программасына ылайык өткөрүлдү. 

author_photo
adminfinsabat

0 пикир