Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

«Финансылык сабаттуулук» боюнча көчмө лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 28 Jun, 2024
blog-thumbnail

2024-жылдын 26-июнунда Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад областынын Токтогул районунун тургундарына «Финансылык сабаттуулук» боюнча пландаштырылган көчмө лекция өткөрүштү. Лекцияга Токтогул шаарынын, Жаңы-Жол жана Сары-Камыш айыл аймагынын 2024-жылы социалдык контракттын негизинде жардам алууга кайрылган жарандар жана Токтогул райондук администрациясынын кызматкерлери катышты.

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу, финансы маселелерин туура талдоо, мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо, ошондой эле финансылык пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө  эрежелери боюнча маалыматтар берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир