Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Улуттук банк финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер үчүн тренингке катышууда

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 26 Feb, 2021
blog-thumbnail

2021-жылдын 22-февралынан 27-февралына чейин Улуттук банктын өкүлдөрү Эл аралык эмгек уюмунун "Финансылык сабаттуулук" программасы боюнча өтүп жаткан тренерлер үчүн тренингине катышты. Бул иш-чара “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” биргелешкен долбоорунун алкагында Тренерлер жана консультанттар бирикмеси "АТиК" тарабынан өткөрүлүүдө. Долбоорду БУУнун Эл аралык эмгек уюму, Эл аралык миграция уюму жана БУУнун Аялдар Түзүмү ишке ашырып жатышат. Тренинг кыргыз тилинде өтүп жатат.

Улуттук банктын кызматкерлери өткөн тренингде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы №319 токтому менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу Программасынын аткарылышы жана Улуттук банктын финансылык сабаттулукту жогорулатууга арналган пландар тууралуу презентация көрсөтүлдү.

Кененирээк:

* https://www.ilo.org/moscow/projects/WCMS_750546/lang--ru/index.htm

author_photo
adminfinsabat

0 пикир