Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

«Улуттук банктын ролу жана функциялары» темасында семинар

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 23 Oct, 2024
blog-thumbnail

2024-жылдын 22-октябрында Улуттук банк К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик агрардык университетинин 1-курсунун студенттери үчүн «Улуттук банктын ролу жана функциялары» темасында семинар өткөрдү.

Семинардын жүрүшүндө студенттерге Улуттук банктын негизги милдеттери жана функциялары, анын ичинде Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, ошондой эле нак акча жүгүртүү, финансы-кредит уюмдарын жана төлөм системасын өнүктүрүү жана жөнгө салуу жөнүндө маалымат берилди. Семинардын аягында студенттер Улуттук банктын нумизматикалык музейин көрүп кетишти.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир