Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Улуттук банктын ролу жана функциялары жөнүндө лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 14 Nov, 2025
blog-thumbnail

2025-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз улуттук агрардык университетинин III курсунун студенттери үчүн «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 30 жылдыгы» видеотасмасы көрсөтүлүп, Улуттук банктын ролу жана функциялары жөнүндө лекциялар окулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге Улуттук банктын түптөлүү тарыхы, анын негизги багыттары, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, финансы-кредит  уюмдарын көзөмөлдөө, республиканын аймактарында төлөм системаларын өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана башка темаларда кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, финансылык сабаттуулуктун негизги принциптери жөнүндө түшүндүрмө берилип, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооптор берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир