Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Улуттук банктын Нарын областтык башкармалыгында өнөктөш уюмдар менен пландуу жолугушуу

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 25 Nov, 2024
blog-thumbnail

2024-жылдын 21-ноябрында Улуттук банктын Нарын областтык башкармалыгында калк арасында маалымат берүү-агартуу иш-чараларын өткөрүү боюнча өнөктөш уюмдар менен пландуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Нарын мамлекеттик университетинин, Нарын областтык китепканасынын, Нарын шаардык китепканасынын, Нарын шаардык билим берүү  жана Нарын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы талкууланып, калк арасында маалымат берүү-агартуу боюнча кийинки жылга иш-чаралар планы сунушталды.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир