Улуттук банкта Эл аралык музейлер күнү!
-
adminfinsabat
-
0 пикир
-
19 May, 2026
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 18-майында Эл аралык музейлер күнүнө карата Улуттук банктын жаңы нумизматикалык музейинде ачык эшик күнүн өткөрдү.
Коноктор улуттук валютанын жаралуу жана өнүгүү тарыхы, банкнотторду жана монеталарды чыгаруу баскычтары, Улуу Жибек жолу өнүгүп турган мезгилде Кыргызстандын акча жүгүртүү тарыхына арналган экспозиция, ошондой эле Улуттук банк тарабынан 1995-2026-жылдар аралыгында чыгарылган нумизматикалык баалуулуктар менен таанышышты.
Ачык эшиктер күнүнө 400гө жакын адам катышты.
Улуттук банктын нумизматикалык музейи иш күндөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин иштейт, 0 (312) 61-24-14; 0 (312) 66-90-15 (+1232; +1234) телефондору аркылуу же mail@nbkr.kg электрондук почта аркылуу алдын ала жазылууга болот.



adminfinsabat
0 пикир