Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Талас областынын Айматов районунун жергиликтүү калкына көчмө лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 29 Aug, 2024
blog-thumbnail
Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 27-август күнү Талас областынын Айматов районунун жергиликтүү калкына жана Айтматов райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлерине көчмө лекция өткөрүштү. Лекциянын жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери, финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, заманбап технологияларды колдонуу менен финансылык алдамчылык учурлары, ошондой эле эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери боюнча маалыматтар берилди.
author_photo
adminfinsabat

0 пикир