Талас областында лекция
-
adminfinsabat
-
0 пикир
-
10 Aug, 2026
Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2026-жылдын 6-август күнү Талас областынын Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын калыптануу тарыхы жана финансылык пландаштыруу жөнүндө маалымат, ошондой эле дропперликке каршы аракеттерди көрүү жана «Tүндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталынын тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу жана аны кайра алып салуу жөнүндө маалымат берилди.
adminfinsabat
0 пикир