Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Талас областында лекциялар

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 06 Apr, 2026
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү  2026-жылдын 30-мартынан 2-апрелге чейин  «Глобалдуу акча жумалыгы  – 2026» иш-чарасын өткөрүүнүн алкагында Талас областынын Талас районунун Калба айылынын М.Козубекова атындагы орто мектебинин, Айтматов районунун Чоң Кара-Буура айылынын М.Акымбеков атындагы орто мектебинин, Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын Тойчубек уулу Ж. атындагы орто мектебинин жана Манас районунун Кенеш айылынын И.Отунбаев атындагы орто мектебинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө лекцияларды өткөрдү.

Лекциянын жүрүшүндө кыргыз сомунун тарыхы, финансылык пландаштыруу, QR-кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүү, дропперликке каршы аракеттерди көрүү  жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталынын «Tunduk» мобилдик тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу, аны алып салуу жөнүндө маалымат берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир