Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Талас областындагы көчмө лекциялар

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 01 Nov, 2024
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү 2024-жылдын 28-30-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2024 иш-чарасын өткөрүүнүн алкагында Талас районунун К. Кайымов атындагы, Ч. Айтматов районунун Ч. Айтматов атындагы жана Бакай-Ата районунун Б. Жунусов атындагы орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларына көчмө лекцияларды өткөрдү.

Лекциянын жүрүшүндө окуучуларга каражат топтоонун маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү тууралуу айтылды.

Мындан тышкары, Улуттук банктын иши, улуттук валютабыз – сомдун өнүгүү баскычтары жана эскилиги жеткен жараксыз банкнотторду жарактуу банкнотторго алмаштыруу жөнүндө маалымат берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир