Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Талас мектептеринин окуучулары үчүн көчмө лекциялар

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 11 Apr, 2025
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгынын өкүлдөрү,  2025-жылдын  9-10-апрелинде Глобалдуу акча жумалыгы – 2025 иш-чарасынын алкагында, Талас областынын Айтматов районунун Бакайыр айылынын М.Чалданбаев атындагы орто мектебинин жана Бакай-Ата районунун Үрмарал айылынын Үрмарал орто мектебинин жогорку класстарынын окуучуларына көчмө лекцияларды өткөрдү.

Лекцияда улуттук валютабыз – кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, финансылык пландаштыруунун жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун зарылдыгы жана мааниси, ошондой эле QR-код колдонуу аркылуу төлөмдөрдү жана акча которууларды өнүктүрүү, телефон чалуу аркылуу алдаган шылуундардан сак болуу чаралары жөнүндө маалымат берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир