Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Талас мамлекеттик университетинин студенттери үчүн көчмө лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 18 Feb, 2026
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын региондордо калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча 2026-жылга карата бекитилген планынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Элдик Банк» ачык акционердик коомун аманат ишинин маданиятын улантуучу  деп таануу жөнүндө» Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас областтык башкармалыгы «Элдик Банк» ААКтын өкүлдөрү менен биргеликте 2026-жылдын 17-февралында Талас мамлекеттик университетинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү.   

Иш-чаранын жүрүшүндө акча топтоонун маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору, акчаны туура колдонуу, ошондой эле үй-бүлө кирешесинин жана чыгашасынын түзүмү, финансылык алдамчылыктын түрлөрү жана анын кесепети тууралуу маалымат берилди.

 

author_photo
adminfinsabat

0 пикир