Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Студенттер үчүн лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 24 Mar, 2023
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында, 2023-жылдын 24-мартында Кыргызстандын эл аралык университетинин «Экономика», «Менеджмент» жана «Социалдык иш» адистиктериндеги үчүнчү жана төртүнчү курстарынын студенттери үчүн «Улуттук банктын коммуникациялык саясаты» жана «Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу» темаларына лекциясы уюштурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге коммуникация стратегиялары жана каналдары, Улуттук банктын максаттуу коммуникациялык топтору, ошондой эле калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн Улуттук банктын иш-чаралары жана ресурстары тууралуу маалымат берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир