Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Студенттер үчүн лекциялар

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 29 Mar, 2024
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2024-жылдын 18-26-март күндөрү Глобалдуу акча жумалыгы иш-чарасынын алкагында, Каракол шаарындагы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин гуманитардык-табигый илимдер факультетинин студенттери жана № 11 гимназия орто мектебинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө лекция өткөрүштү.

Лекцияда улуттук валюта – сомдун калыптануу тарыхы, QR-кодду колдонуу менен төлөм жүргүзүү, ошондой эле финансылык алдамчылык тууралуу маалыматтар берилди.

2024-жылдын 26-27-мартында Каракол шаарынын тургундары үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын нумизматикалык көргөзмөсү уюштурулду.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир