Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Студенттер үчүн лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 05 Apr, 2022
blog-thumbnail

2022-жылдын 1-апрелинде Глобалдуу акча жумалыгы-2022 иш-чараларынын алкагында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономика университетинин “Банк иши” факультетинин үчүнчү курсунун студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий өкүлү Карабаева Аида тарабынан “Улуттук банктын ролу жана функциялары” темасында лекция окулду.

Лекциянын жүрүшүндө студенттерге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ролу жана функциялары, акча-кредит саясатынын максаттары, банк секторун жөнгө салуу чаралары, улуттук төлөм системасын өнүктүрүүнүн багыттары, нак акча жүгүртүү жөнүндө, ошондой эле өлкөнүн негизги каржы институтунун маалыматтык саясатынын аспектилери жана финансылык билим жөнүндө презентация көрсөтүлдү.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир