"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору
-
adminfinsabat
-
Окутуу, Окуучулар үчүн
-
0 пикир
-
01 Mar, 2019
"Рентген Медиа" коомдук фондунун теледолбоору
"Рентген Медиа" коомдук фондунун 8 сериядан турган "Сабаттуу жашоо" теледолбоору балдардын финансылылк сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Анын ар бир сериясында программанын жаш каармандары Амир менен Салия өздөрүнүн тажрыйбаларынын негизинде финансы дүйнөсүн таанууда.
1. Биринчи серияда акчанын тарыхы, анын ичинде Кыргызстандын валютасы тууралуу дагы маалымдалат. Адистер нак акчаны жасалма акчадан кантип айырмалап билүү тууралуу кеңештерин беришет.
Видео: https://www.youtube.com/watch?v=ZDdnJaGvqTU
2. Экинчи серияда балдардын акча табуу мүмкүнчүлүгү тууралуу айтылат.
Видео: https://www.youtube.com/watch?v=yVTEs4HaDLY
3. Үчүнчү серияда Амир менен Салия акчаны жыйноого үйрөнүшөт. Амир акчасын копилкага топтойт. Салия коммерциялык банктан депозиттик эсеп ачат.
Видео: https://www.youtube.com/watch?v=Gnl34Bk0-SA
4. Төртүнчү серияда Амир менен Салия финансылык сабаттуулук боюнча адис менен жолугушуп, өздөрүнүн жакындары менен биргеликте акчаны туура коротууну үйрөнүшөт.
Видео: https://www.youtube.com/watch?v=UZVEUm11uWw
5. Бешинчи серияда банктык карта кантип айда болгондугу, анын ңмне үчүчн керектиги жана пайдалануунун жолдору тууралуу айтылат.
Видео: https://www.youtube.com/watch?v=gDFCakBgvTM
6. Алтынчы серияда кредит деген эмне, кредитти банктан кантип алуу керек, карыз алуучунун милдети жана укуктары тууралуу маалымдалат.
Видео: https://www.youtube.com/watch?v=NDZwb8AxQ_8
7. Жетинчи серияда Салия менен Амир коллекциялык монеталардын жаралышы, анын ичинде Кыргызстандын монеталары тууралуу билишет.
Видео: https://www.youtube.com/watch?v=2ntZN52hnjw
8. Сегизинчи серияда Амир менен Салия байыркы тарыхта жана азыркы мезгилде алтын кантип иштелип чыккандыгын билишет. Мындан сырткары, адистер акчаны алтынга салып инвестициялоону үйрөтүшөт.
Видео: https://www.youtube.com/watch?v=6CPsrfHUKt0
adminfinsabat
0 пикир