Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Ош шаарындагы колледжинин студенттерине көчмө лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 02 Mar, 2026
blog-thumbnail

2026-жылдын 26-февралында Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери  Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин STEM колдонмо кесиптер колледжинин студенттерине көчмө лекция өткөрдү. 

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, кредиттердин жана депозиттердин түрлөрү, каражат топтоо жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө QR-кодду колдонууну жайылтуу тууралуу маалымат берилди, ошондой эле «Түндүк» тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салууну активдештирүү жана чектөөнү алып салуу тартиби көрсөтүлдү.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир