Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Ош областында лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 17 Sep, 2026
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2026-жылдын 16-сентябрында Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөт кызматкерлери жана жергиликтүү тургундары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча пландагы көчмө лекциясын өткөрдү.

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, кредиттер менен депозиттердин түрлөрү, ошондой эле каражат топтоо жолдору тууралуу маалымат берилди.

Мындан сырткары, жаштардын финансылык алдамчылыкка жана дропперликке тартылуусун алдын алуу боюнча практикалык сунуштар айтылды. Ошону менен бирге, «Түндүк» тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу тартиби жана аны кайра алып салуу жолдору көрсөтүлдү.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир