Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Ош мамлекеттик университетинин медициналык борборуна финансылык сабаттуулук боюнча көчмө семинар

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 29 Dec, 2025
blog-thumbnail

2025-жылдын 25-декабрында Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери  Ош мамлекеттик университетинин медициналык борборуна финансылык сабаттуулук боюнча көчмө семинар өткөрдү. 

Семинардын жүрүшүндө Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, кредиттердин жана депозиттердин түрлөрү, каражат топтоо жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө QR-кодду колдонууну жайылтуу тууралуу маалымат берилди, ошондой эле «Түндүк» тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салууну активдештирүү жана чектөөнү алып салуу тартиби көрсөтүлдү.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир