Ош жана Жалал-Абад областтарындагы семинарлар
-
adminfinsabat
-
0 пикир
-
17 Apr, 2025
2025-жылдын 16-17-апрель күндөрү Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси менен кызматташуунун жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунун алкагында Жалал-Абад шаарында ЖАМУ медициналык колледжинин жана К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУ Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин студенттери үчүн, Ош шаарында КУМУ кесиптик колледжинин жана М.М.Адышев атындагы ОшТУ Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар өткөрүлдү.
Жалал-Абад областындагы семинарларга ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү катышты.
Мындай семинарлар финансылык жактан сабаттуу муунду калыптандыруу, алардын финансылык туруктуулугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн маанилүү.





adminfinsabat
0 пикир