Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Олимпиада жеңүүчүлөрү үчүн атайын лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 17 Apr, 2024
blog-thumbnail

2024-жылдын 17-апрелинде Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болгон жогорку класстын окуучулары үчүн Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсия уюштурулуп, финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекция өткөрүлдү.

Окуучулар уникалдуу байыркы монеталар, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын көптөгөн башка экспонаттары менен таанышышты.

Финансылык сабаттуулук боюнча сабактын алкагында жогорку класстын окуучулары үй-бүлө бюджетин түзүү эрежелери, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча Улуттук банктын электрондук ресурстары тууралуу маалымат алышты. 

author_photo
adminfinsabat

0 пикир