Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

«Нур-Билим» гимназия-мектебинин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 15 Dec, 2023
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында жана «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасында иш-чаралар планына ылайык, 2023-жылдын 14-декабрында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында Жалал-Абад шаарынын «Нур-Билим» гимназия-мектебинин окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча атайын лекция өткөрүлдү.

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү студенттерге өлкөнүн башкы банкынын ролу жана функциялары, улуттук валютабыз – кыргыз сомунун калыптануу тарыхы, өнүгүү этаптары жана анын коргоо белгилери , Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык баалуулуктары боюнча маалыматтарды беришти.

Ошондой эле, үй-бүлө бюджетин пландаштыруу, акчаларды туура топтоо жана инвестицияга жумшоо боюнча маалыматтар берилди.

Лекцияга келгендер үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулду.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир