Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Нумизматикалык музейинде American-European School үчүн экскурсиялар

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 30 Jan, 2025
blog-thumbnail

2025-жылдын 27-январынан 30-январына чейин Улуттук банктын Нумизматикалык музейинде American-European School 6-8-класстын окуучулары үчүн экскурсиялар өткөрүлдү.

Экскурсанттар Кыргызстандын аймагында табылган уникалдуу байыркы монеталар, анын ичинде Улуу Жибек Жолу мезгилиндеги жана Улуттук банк тарабынан 1995-жылдан баштап чыгарылган коллекциялык эстелик монеталар менен таанышышты. Окуучуларга Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын, анын ичинде банкноттордун жана монеталардын жашоо циклинин өнүгүү тарыхы баяндалды: өндүрүштөн жок кылууга чейин; «Сом-Кыргызстандын жүзү» маалыматтык – билим берүү кампаниясынын материалдары ачылды.

Мындан тышкары, финансылык сабаттуулуктун негиздери темасы ачылып инфляция, каражат топтоо, карыз алуу сыяктуу негизги финансылык-экономикалык терминдер түшүндүрүлдү.

Катышуучулардын жалпы саны 160 кишиден ашты.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир