Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Нумизматикалык музейде экскурсиялар болуп өттү

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 23 Dec, 2025
blog-thumbnail

Бүгүн, 2025-жылдын 23-декабрында академик Т.Садыков атындагы КР Улуттук көркөм сүрөт академиясынын алдындагы көркөм сүрөт колледжинин 1-курсунун студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык музейинде экскурсиялар болуп өттү.

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар уникалдуу байыркы монеталар, улуттук валюта - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын башка көптөгөн экспонаттары менен таанышышты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 66-90-15 +1232, 61-24-14 телефон номерлери же mail@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу билдирмелерди алып, дайыма экскурсияларды өткөрүп турат. Кирүү акысыз.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир