Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Нумизматикалык музейге экскурсия

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 19 Apr, 2024
blog-thumbnail

Бүгүн, 2024-жылдын 19-апрелинде «Сейтек-Стем» билим берүү комплексинин окуучулары, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун студенттери жана Кыргыз-корей колледжинин студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык музейинде экскурсия болуп өттү.

Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар уникалдуу байыркы монеталар, улуттук валюта - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын башка көптөгөн экспонаттары менен таанышышты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 66-90-08, 61-24-14 телефон номерлери же mail@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу билдирмелерди алып, дайыма экскурсияларды өткөрүп турат. Кирүү акысыз.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир