Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Мугалимдер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрүлдү

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 03 Jul, 2023
blog-thumbnail

Улуттук банк 2023-жылдын 29-июнунан 2-июлуна чейинки мезгилде областтардагы жалпы билим берүү мекемелеринин “Адам жана коом”, “Тарых” предметтеринин мугалимдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Республикалык квалификацияны жогорулатуу институтунун жана Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү. 

Семинар 2018-жылы иштелип чыккан финансылык сабаттуулук боюнча бирдейлештирилген окуу курсуна ылайык өткөрүлдү. 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлөлүк жана жеке бюджет, аманат, карыздык мамилелер, кредиттер жана кредиттик уюмдар менен иштөө жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо сыяктуу темалар менен интерактивдүү түрдө таанышышты. 

author_photo
adminfinsabat

0 пикир