Мектеп окуучулары үчүн экскурсия өткөрүлдү
-
adminfinsabat
-
0 пикир
-
24 Oct, 2023
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында 2023-жылдын 24-октябрында №65 экологиялык-экономикалык лицейинин 4-классынын окуучулары үчүн Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсия өткөрүлдү.
Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар уникалдуу байыркы монеталар, улуттук валюта – кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын башка көптөгөн экспонаттары менен таанышышты.
Иш-чаралар жөнүндө кененирээк маалымат Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2023 иш-чаралар планында чагылдырылган.



adminfinsabat
0 пикир