Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгында лекция өткөрүлдү

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 25 Mar, 2024
blog-thumbnail

2024-жылдын 20-мартында Глобалдуу акча жумалыгын өткөрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан "Акча тапсаң - сакта, келечекке пайда" деген ураан менен Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин экономика факультетинин студенттери жана мугалимдери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекция өткөрүлдү.

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын ишин уюштуруу, Улуттук банктын акча-кредит саясаты жана акча рыногу (ссудалык капитал рыногу) жөнүндө маалымат берилди.

Ошондой эле финансылык максаттын зарылдыгы жана маанилүүлүгү, финансылык пландаштыруу жана үй-бүлөлүк/жеке бюджетти пландаштыруу, кирешелер жана чыгашалар, топтоолор, банктык кызмат көрсөтүүлөр, банктык депозиттер, насыя алуудагы мамилелер, инвестициялар жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө маалымат берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир