Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

«Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларын өнүктүрүү» темасында окутуу семинары

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 15 Sep, 2023
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2023-жылдын 14-сентябрында Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн «Кыргыз Республикасынын банк жана төлөм системаларын өнүктүрүү» темасында окутуу семинарын өткөрдү.  

Семинардын жүрүшүндө өлкөнүн башкы банкынын ролу, функциялары, республиканын аймактарында банк жана төлөм системаларын өнүктүрүү, QR-кодун колдонуу аркылуу төлөө жана акча которуу, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча Улуттук банктын чаралары, санарип төлөм инструменттерин кошуу менен банк жана төлөм системаларын келечекте өнүктүрүү тенденциялары тууралуу маалымат берилди.  

Жолугушуунун жыйынтыгында Улуттук банк тарабынан QR-код колдонуу аркылуу төлөм жүргүзүүнун ыкмалары тууралуу маалыматтык баракчалар таратылды.  

Улуттук банк мезгил-мезгили менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарларын өткөрүп турат жана бул багытта иштерди улантат. 

author_photo
adminfinsabat

0 пикир