Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Кыргызстандагы билим берүү стандарттарына социалдык жана финансылык билим берүү программаларын киргизүү боюнча семинар

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 20 Jun, 2025
blog-thumbnail

2025-жылдын 17-июнунан 20-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин жана Афлатун Интернешнл уюмунун колдоосу менен Кыргызстандагы билим берүү стандарттарына социалдык жана финансылык билим берүү программаларын киргизүү боюнча семинар өткөрдү. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 20дан ашык мектеп мугалимдери, Афлатун Интернешнлдин эксперттери, Билим берүү министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын жана Республикалык квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлдөрү катышты.

Семинарда иштелип чыккан окуу программалары жана материалдар каралып,  балдарды окуу процессине активдүү тартууну, аларга өз оюн эркин билдирүүгө жана практикалык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү болжолдогон активдүү окутуу методологиясы изилденди.

Маалымат үчүн:

Афлатун Интернешнл (Aflatoun International) – бул дүйнө жүзү боюнча жашоо көндүмдөрү жана финансылык билим берүү программалары жаатында 18 жылдык тажрыйбасы бар эл аралык өкмөттүк эмес уюм, анын максаты – балдарга жана жаштарга коомго активдүү катышуу жана гармонияда жашоо үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү, билимдерди жана ресурстарды берүү.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир