Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

«Келечек» жаш лидерлер мектеби» окуу курсу

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 04 Dec, 2023
blog-thumbnail

2023-жылдын 27-ноябрынан тартып 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында «Келечек» жаш лидерлер мектеби» окуу курсу өткөн. Иш-чаранын демилгечиси Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги болду.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бул иш-чарага катышып, финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча окутууларды өткөрдү. Сабактардын жүрүшүндө катышуучулар жеке бюджетти жүргүзүү, каражат топтоолорду түзүү, туура карыз алуу, инвестициялоо жана электрондук финансылык кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча финансылык билимдерге жана көндүмдөргө ээ болушту.

Окуу курсунун программасы финансылык сабаттуулуктан тышкары жарандык иденттүүлүктү (Кыргыз жараны) аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу, жашыл сабаттуулук, экономиканын негиздери жана жаштардын ишкердиги темаларын камтыды. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 100гө жакын адам катышты.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир