Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Каракол шаарында финансылык сабаттуулук боюнча тренинг болуп өттү

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 16 Oct, 2023
blog-thumbnail

Улуттук банктын финансылык сабаттуулук программасынын алкагында Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен 2023-жылдын 12-13-октябрь күндөрү  Каракол шаарында финансылык сабаттуулук боюнча Ишкердикти колдоо борборунун кызматкерлери, Каракол шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын,  Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын кызматкерлери, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин мугалимдери жана И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин студенттери катышкан тренинг болуп өттү. 

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга үй-бүлөлүк бюджет, каражат топтоо, карыз мамилелери жана финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тууралуу маалыматтар берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир