Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

И. Арабаев атындагы КМУнун орус филологиясы факультети үчүн лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 20 Feb, 2026
blog-thumbnail

2026-жылдын 20-февралында И. Арабаев атындагы КМУнун орус филологиясы факультетинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Финансылык сабаттуулук – үй-бүлөнүн бакубаттуулугунун негизи» деген презентация көрсөтүлүп, анда финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун жана жарандардын финансылык бакубаттуулугуна жана өлкөнүн финансылык туруктуулугуна жетүүнүн ажырагыс бөлүгү катары каражат топтоо маданиятын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Лекцияда финансылык коопсуздукка, дропперликке жана алдамчылыктан коргонуу ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду. Лекцияга 35ге жакын адам катышты.

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жеке финасыны жоопкерчилик менен башкарууга, каражат топтоолорду стимулдаштырууга жана чыгашаларды пландаштырууга мүмкүндүк берет, ички инвестициялардын өсүшүнө, кредиттик тартипти чыңдоого көмөктөшөт жана калкты алдамчылыктан өз алдынча коргоо деңгээлин жогорулатат.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир