Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Жекенди айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жашоочулары үчүн көчмө лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 18 Jul, 2025
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгы 2025-жылдын 17-июлунда планга ылайык Ош областынын Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жашоочулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү.

Лекцияда Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, угуучулар кредиттердин жана депозиттердин түрлөрү, электрондук финансылык кызматтар менен таанышып, финансылык коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, QR-коддор, акча каражаттарын сарамжалдуу колдонуу, каражат топтоо, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү темалары талкууланды.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир