Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Жалал-Абад шаарында көчмө лекциялар

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 16 Apr, 2025
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери, Глобалдуу акча жумалыгы – 2025 иш-чарасынын алкагында, 2025-жылдын 8-15-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарынын С. Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп-лицейинин, Курманбек Баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинин жогорку класстарынын окуучуларына жана К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин  1 жана 2-курстагы студенттерине көчмө лекцияларды өткөрүштү.

Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү жеке акчаны башкаруу, үй-бүлө кирешелеринин жана чыгашаларынын түзүмү, финансылык тобокелдиктерди башкаруу, максаттарды туура коюу жана каражат топтоонун артыкчылыктары тууралуу айтып беришти.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир