Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары жана 1-2-курсунун студенттери үчүн лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 11 Nov, 2024
blog-thumbnail

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 2024-жылдын 1-ноябрында Улуттук банктын Жалал-Абад областтык башкармалыгында (мындан ары – областтык башкармалык) Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары жана 1-2-курсунун студенттери үчүн лекция өткөрүлдү. 

Лекциянын жүрүшүндө областтык башкармалыктын кызматкерлери өз акча каражаттарын туура пайдалануу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти пландаштыруу, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берди.  

Мындан тышкары, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши, улуттук валютабыз – сомдун өнүгүү этаптары, эскилиги жеткен жана жараксыз банкнотторду алмаштыруу жөнүндө маалымат берилди.

Катышуучулар үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулуп, өлчөнгөн алтын куймаларды сатуу жана сатып алуу тууралуу маалыматтар берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир