Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 24 Oct, 2022
blog-thumbnail

2022-жылдын 24-октябрында «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» кампаниясынын алкагында иш-чаралар башталды, ал дүйнө жүзү боюнча 31-октябрда белгиленет. Кампаниянын максаты – жалпысынан ашыкча чыгашалардан үй-бүлөлүк бюджетти коргоого жана финансылык туура чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзгөн калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана каражат топтоо маданиятын калыптандыруу.

Улуттук банк координатор болгон Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда 2015-жылдан бери «Кыялдар канат байлаганда» урааны астында өткөрүлүп келет.

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү-2022 иш-чарасынын жүрүшүндө калк үчүн ар кандай иш-чаралар, анын ичинде финансы уюмдарына экскурсияга баруу, ачык эшик күндөрү, финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар жана сабактар, интерактивдүү оюндар, сынактар, финансылык жармаңке жана башка өткөрүлөт, ага бардык каалоочулар катыша алышат.

Иш-чаралар жөнүндө кеңири маалымат: Иш-чаралар күндөлүгүндө берилген.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир