Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Б. Осмонов  атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 02 Feb, 2026
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2026-жылга карата региондордо финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча бекитилген планынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ««Элдик Банк» ачык акционердик коомун аманат ишинин маданиятын улантуучу деп таануу жөнүндө» Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы «Элдик Банк» ААКтын өкүлдөрү менен биргеликте 2026-жылдын 29-январында Б. Осмонов  атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика факультетинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү. 

Бул иш-чаранын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору, жеке акчаны башкаруу, ошондой эле үй-бүлө кирешесинин жана чыгашасынын түзүмү тууралуу маалымат берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир