Блогдун чоо-жайы | Finsabat Learning Club Негизги мазмунга өтүү

Баткен шаарынын тургундарына семинар өткөрүлдү

  • author-image

    adminfinsabat

  • blog-comment 0 пикир
  • created-date 28 Oct, 2025
blog-thumbnail

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгү 2025-жылдын 28-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата иш-чаралардын алкагында Баткен шаарынын тургундарына семинар өткөрдү.

Лекциянын жүрүшүндө улуттук валютанын калыптануу тарыхы, акча каражаттарына аяр мамиле жасоо, каражат топтоо маданиятын калыптандыруу, акча каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу, финансылык пландаштыруу, финансылык максаттарды коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджеттерди түзүү тууралуу, ошондой эле катышуучуларга алдамчылык иш-аракеттердин курмандыгына кабылып калбоо боюнча маалыматтар берилди.

author_photo
adminfinsabat

0 пикир